Индияда өткөн Азия оюндарына катышкан балбандар Кыргызстанга кайтып келишти. Аларды "Манас" эл аралык аэропортунан салтанаттуу түрдө жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

 

Азия чемпиону аталган Улукбек Жолдошбеков оңойго турбаган жеңиши тууралуу журналисттерге маек берип жатып айтты. 61 кг салмакта күч сынашкан балбандын алгачкы атаандашынын колу көзүнө тийип, жаракат алган. Бирок, ага карабастан андан кийинки эки атаандашын жеңип, алтын медаль тагынган.

 

Балбандын жакындары чемпионду ооруканага алып кетишти.

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter