25 февраль 2020, 16:05

Көзүнөн жаракат алган Азия чемпиону Улукбек Жолдошбеков мамлекеттин эсебинен дарыланат

 

 

Индияда өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынып, көзүнөн жаракат алган балбан Улукбек Жолдошбеков мамлекеттин эсебинен дарыланат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

"Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын курама командасына кирген спортчу аталган дирекциянын эсебинен медициналык тейлөөдөн өтөт. Толук кандуу дарылануу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан көзөмөлгө алынат", - деп айтылат маалыматта.

 

Улукбек Жолдошбеков Азия чемпиондугунда беттеш учурунда атаандашы көзүн чукуп алганын, көзүнүн көрүүсү начар болуп жатканын айткан.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020