Ырчы Тата Улан бүгүн, 10-март күнү аялдардын укугун коргоо боюнча Бишкекте өтүп жаткан тынчтык митингине катышты. Ал өз оюн журналисттерге билдирип жатып, аялдардын укугун коргоо эркектердин тарбиясына көз каранды экенин айтты.

 

"Биз кыргыздар ар дайым аялдардын укугун коргоп келгенбиз, азыр дагы коргоп жатабыз. Аялдын орду деген жаман сөз эмес. Ал биринчиден - эне. Ар бирибизде баалаган энебиз бар. Биздин көчмөн эл эзелтеден эле энени сыйлап келген. Аялдын дене-башын көк ала кылып сабаган туура эмес. Менин оюмча, аялдын укугун коргоо үчүн эркек намыстуу болуш керек",-дейт Тата Улан.

 

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter