18 марта 2020, 17:45

Сулайманов: Коронавирус менен күрөшүү үчүн бир айлык маянабызды Саламаттыкты сактоо министрлигине котордук (видео)

“Бир Бол” фракциясы коронавирус менен күрөшүүдө алгачкы жардам катары бир айлык маянасын Саламаттыкты сактоо министрлигине которду. Бул тууралуу Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы жеке баракчасы аркылуу билдирди.

 

Ал мындан ары дагы жардам берилерин кошумчалады.

 

"Учурда Кыргызстандын жарандары коронавирус жуктуруп алган учурлар катталгандыгына байланыштуу өлкө үчүн ар бирибиздин салымыбыз, жардамыбыз маанилүү болуп турат. Бардыгыбыз тазалык эрежелерин сактап, эл көп топтошкон жерлерден алыс болуп, улуттун саламаттыгына өз салымыбызды кошолу",-дейт депутат.

 

 

Banner
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter