25 марта 2020, 10:43

Ундун баасы кымбаттады

 

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги максималдуу өлчөмдө белгиленген 1-2-сорттогу ундун дүӊ жана чекене бааларын кайра карап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаары менен облустарда ундун дүӊ жана чекене баалары 1 сомдон 2 сомго, айрым жерлерде 1,5 сомго кымбаттады. Бөлкө нанына мурун 37 сом (килограмм) белгиленген. Ал эми азыр бул баа 39 сомго чейин жогорулады. «Максималдуу баалардын кайра каралышы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын таасиринен улам өндүрүүчүлөр койгон баа жана валюталык рыноктун өзгөргөнү менен байланыштуу болду», - деп айтылат маалыматта.

2020-жылдын 24-мартына карата максималдуу баа (1-2-сорттогу 1 кг ундун чекене жана дүң баасы)

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter