26 марта 2020, 13:59

Токмокто обсервацияда жаткан 177 адамга сүйүнүчтүү кабар угузулду

 

Чүй облусунун Токмок шаарында 22-марттан 25-мартка чейин обсервацияга алынган мекендештердин анализинин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, чет өлкөдөн келген 177 жарандын анализи таза чыкты.

«Алар обсервациядан бошотулганы менен кѳзѳмѳлдѳ турушат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мекендештер №3 кичи райондо жайгашкан түрк лицейинин жатаканасына жаткырылган.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter