26 марта 2020, 17:07

Бишкекте коомдук транспорт дезинфекциядан өткөндөн кийин иштейт

 

 

Бишкек шаарында күн сайын саат 07:00 тартып кечки 19:00 чейин коомдук транспорт өз ишин алып барат. Бул тууралуу ИИМдин башкы начальниги, Бишкек шаары боюнча комендант Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, коомдук транспорт жана такси кызматы толук дезинфекциядан өтөт. "Эгер дезинфекция болбогон болсо мыйзам тарабынан жоопко тартылат",-деди Орозалиев.

Ал белгилегендей, коменданттык убакта жарандар үйдөн чыкпаш керектигин эскертти.

Эскерте кетсек, 25-марттан тартып Бишкек, Ош шаарларында, Жалал-Абад, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда, Ош жана Сузак районунда Жалал-Абад областында өзгөчө абал киргизилген.

maksat
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter