1 апреля 2020, 10:56

Россиянын илимпоздору коронавирусту таптакыр жок кылуунун жолун табышты

Россиянын илимпоздору коронавирусту таптакыр жок кылуунун жолун табышты

Сколково технопаркында иштеп атышкан орус окумуштуулары бактерия жана грибоктор менен эффективдүү күрөшүштүн жолун табышты. Муздак плазма менен тазаланган суу башкалары гана эмес SARS-CoV-2 коронавирусун да өлтүрө турган курал экенин таап чыгышты.  Бул туурасында 1-апрелде News.mail.ru кабарлады.

Суюктук  «Мегнарил» деген ысым алды. Мындай сууда белоктордун бүт баары кырылат. А кургагандан кийин «Мегнарил» менен тазаланган жерде  эч нерсе калбайт.

Бул технология төмөнкүдөй иштейт. Аппарат кадимки эле сууга түшкөн жугуштуу жана жугушсуз бөлүкчөлөрдүн газынан турган  муздатылган плазманы иштеп чыгат.  Андан соң анын атомдору электрондордун бир бөлүгүн жоготот да, натыйжада H2Oнун (суунун) молекулаларына кошула албай калат.

Бул вирустардын клеткасына доо кетире турган  ар кайсы формадагы кислороддордун жана водороддордун пайда болшуна алып келет.

«Агрессивдүү» кислородунан тышкаары да «Мегнарил» хлорноватисттүү  кислотанын эсебинен да вирустарды жок кылат.

«Мындай кислотанын тузунун ондон бир проценти сууда коронавирустун көбөйүшүнө тоскоол болот. А кислотанын өзү тузуна караганда да активдүү. Бул патогендин көбөйүшүн гана токтотпостон аны биротоло жок кылат деп болжолдоого болот», — деп түшүндүрдү, Сколководогу  «Магнарил аква лаб» компаниясынын башчысы Дмитрий Балаболин.

Мындай суу менен беткаптарды, баардык нерселердин үстүлөрүн тазалоого жана абага чачса да болот. Ал адам үчүн коопсуз. Мындай суюктуктун бир стаканын кооптонбой туруп эле ичип койсо да болот.  

Мындан сырткаары, «Мегнарил» имараттардын ичин нымдандырса аба  патогендерден тазарат.
«Мегнарил» бир топ эле арзан  – миң литри 100 рубль.

Азыр окумуштуулар патент алып, аны сериялык өндүрүшкө чыгарууга кам көрүшүүдө.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020