3 апреля 2020, 09:57

Видео: Саламаттык сактоо министрлиги Матраимов фонду берген экспресс-тесттердин сапаты эӊ жогору экенин билдирди

Видео: Саламаттык сактоо министрлиги Матраимов фонду берген экспресс-тесттердин сапаты эӊ жогору экенин билдирди

2-апрелде Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине 15 000 даана экспресс-тесттерин белекке берди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Мындан 3 күн мурда дагы 10 000 тестти берип, алар өлкө аймагында колдонууга чыгып, өзүнүн сапаттуу жыйынтыктарын берген.

Департаменттин лабораториялык борборунун башчысы Айгүл Жумаканова төмөндөгүлөрдү билдирди.


“Матраимов кайрымдуулук фонду бүгүн бизге 5 000 экспресс-тесттерин тапшырды. Буга чейин дагы 10 миӊ даанасын берип, анын 5 миӊин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусуна бөлүштүрүп бергенбиз. Калган 5 миӊин башка региондорго таратып, алар ишке кирген. Жакшы жери 4 жана 5-муундагы тесттер. Буга чейинки колдонуп жаткан тесттерден сапаты жогору. Глобулиндин “lgM” жана “lgG» деген 2 түрүн аныктап берип жатат. “lgM» глобулин вирустун организмде бар жана курч абалдагы мезгилин көрсөтө алат. Ал эми “lgG” вирус организмде ооруп бүтүп калган кезде жана айыгып бара жаткан кезин көрсөтөт. Кээ бир адамдар вирусту жугузуп алып, өздөрү билбей жүрө берет. Алар айланасындагы адамдарга зыянын тийгизет”-дейт адис.

Айгүл Жумаканованын айтымында, фонд тарабынан берилген экспресс-тесттер буга чейинки практикада колдонулган тесттерге салыштырмалуу сапаты жогору.

“Бул экспресс-тесттердин сапаты жогору. Улуттук саламаттыкты сактоо уюмуну тарабынан таанылып, кабыл алынган жана колдонууга жарайт деген сунуштамасы бар экенин билдиребиз. Бир убакта көп адамды ыкчам текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок биз акыркы жыйынтыкты кайталап анализин алуу менен чыгарабыз”-дейт Жумаканова.


Белгилей кетсек, Исмаил Матраимов кайрымдуулук фонду Кыргызстанда таажы ылаӊы катталган күндөн тартып, республиканын аймагындагы жардамга муктаждарга азык-түлүк жана медициналык бет каптарды таратууда. Мындан тышкары Саламаттык сактоо министрлигине жасалма дем алдыруучу жабдыктарды, илдетти 15 минуттук ичинде аныктай турган экспресс-тесттерди алып келип берүүнү убада кылган болчу. Учурда, 15 000 экспресс-тесттер берилди. Фонд алдынкы күндөрдө дагы жардамдар бериле турганын билдирди.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020