3 апреля 2020, 11:02

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы 12 миллион доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы 12 миллион доллар бөлдү

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн 12,15 миллион доллар бөлдү. Мындай чечим банктын Директорлор кеңешинде жактырылганын уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 3-апрелде кабарлады.

Мындан тышкары, Кыргызстанга буга чейин бөлүнгөн каражаттан 9 миллион доллар ушул максатка жумшалмай болду.

Бөлүнгөн акчага медициналык жабдык, жеке коргонуу жана тест каражаттары сатылып алынып, реанимация бөлүмдөрүнүн иши жакшыртылат.

Ар биринде сегиз орун бар 10 реанимация бөлүмүнүн жабдуусу жаңыртылат.

27-мартта Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) COVID-19 вирусуна каршы күрөш жана бюджеттеги тартыштыкты жоюш үчүн Кыргызстанга 120,9 миллион доллар бере турганы маалым болгон.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясы өлкө экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан да жардам сураган.

3-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 130 адамга жукту, алардын бирөө каза тапты. (RK)
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020