3 апреля 2020, 14:02

Италиядагы мекендешибиздин ыйлап жазган каты

Италиядагы мекендешибиздин ыйлап жазган каты

Урматтуу кыргыз элим, бүгүнкү күндө Италияда жашап жана иштеп жаткан ар бир кыргыздын ичкени ириң жегени желим болуп, сарсанаага батып турган учур. Бир жагынан Италиядагы азыркы абал, талаада жүргөндө аман болсок экен сарсанаа болсо, экинчи жагынан Кыргызстандагы тууганым, балдарым, ата энемди Кудай сактаса экен деген санаа. Италияда абал өтө эле оор, анын бардык территориясында 9 марттан баштап, “мен үйдө калам” деген ат менен элдердин үйдөн чыкпай олтуруусу керек деген Өкмөттүн указынын негизинде катуу эрежелер киргизилген. Өлкөнүн бардык аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланып, карантин киргизилгенге карабастан вирусту жугузгандардын, жана андан каза тапкандардын саны үзүлбөй жатканын, Интернет булактарынан көрүп жатсаңыздар керек (бүгүн эле 969 киши өлдү деп айтылды). Эксперттердин айтуусу боюнча, карантин киргизилгенден кийин минимум 15 – 25 күндөн кийин гана вирусту жугузуу азая баштайт дешкен эле, бирок, ал күн дагы да болсо алыстай сезилет. Башында вирусту жуктургандардын эпицентри Италиянын түндүгундо гана катталса, азыркы учурда вирус бардык региондорго да тарап жаткан убак. Буга себеп болуп айрым жарандардын жоопкерчилигинин жоктугунда, эгоисттик мамиле кылып, башкаларды ойлобогонунда болду. Карантин киргизилген учурдан тартып түндүктө жашап, иштеп жаткан жарандар түштүктү көздөй агылып башташкан. Кээ бири ата энесиникине, тууган туушкандарына барса, айрымдары түштүктөгү дачалары көздөй жоношкон да, ал жактагы жарандарга вирусту жуктуруп башташкан. Мына ушундай кенебестик мамиледен улам, азыркы учурда өлкөнүн түштүгүндө да кырдаал оордошуп баратат, жуктургандардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Вирус мамлекеттин экономикалык жагдайына да өтө чоң залакасын тийгизип жатат. Мамлекет бюджетин толтуруп турган чоң чоң завод фабрикалардан баштап, кичи ишканаларга чейин убактылуу жабылган, өлкөгө салымдуу киреше алып келген туризм сектору да чөгөлөп турган кез. Италиялык компаниялардын акциялары да кескин түрдө төмөндөдү. Булардын бардыгы биригип элдин камсыздыгына таасирин тийгизбей койбойт. Өлкөнүн Премьер Министри Конте да, экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки болуп жаткан эң оор кризисти башыбыздан өткөрүп жатканыбызды айтып жатат. Ар бир күнү өлүп жаткан адамдардын санын көрүп, канчалаган үй булөө кан жутуп, арманга батып турганын элестетиш эле өзүнчө оор. Ошол үчүн кыргыз элибизге кайрылаарыбыз, мамлекеттен гана темирден катуу эрежени күтүп отурбастан, бул көйгөйгө ар бир бирибиз жоопкерчилик менен карайлы. Биз кыргыздар тойду жакшы көргөн, бирөө үйгө келсе, жок дегенде чай ичирмейин кетирбеген, меймандос элбиз. Бирок, канчалык оор болсо да, биз ошол көнгөн адаттарыбыздан убактылуу баш тартып туралык. Муну биз өзүбүз үчүн, үй бүлөөбүз үчүн, ата-энебиз үчүн, туугандарыбыз үчүн, элибиз үчүн кылышыбыз керек экенин аң сезимибиз менен туялык. Сунушталган эрежелерди сактап, үйдө отуралык. Биз канчалык аз адам менен көрүшсөк, ошончолук вирус качат экен, бул дарттын дабасы үйдөн чыкпай отуруу экен. Биз ушундай жол менен гана бул куралсыз душманды жеңе алабыз. Канчалаган уул, кыз атасын, энесин, бир тууганын көмө албай арманда калып атат, анткени ал карантинде болуп үйдөн чыкпашы керек. Алардын арасында, жакынынын сөөгүн жууп, жаназасын окуй албай калган мусулман туугандарыбыз да жок эмес. Биз дагы эртеңки күнү ушундай оор ахыбалга жетпейли. Кеч болуп кала элегинде азыртадан оорунун алдын алып жакындарыбыздын ден соолугун коргойлу.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020