3 апреля 2020, 22:19

Жакшы кабар! Баткенде коронавирустан дагы бир аял айыкты

Жакшы кабар! Баткенде коронавирустан дагы бир аял айыкты


Айыккан бейтап Баткен райондук ооруканасынан дарыланып чыкты. Ал 34 жашта. Вирусту Сауд Аравиядан жуктуруп келген.

Коронавирус жуктурган дагы бир бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, 34 жаштагы келин Баткен райондук ооруканасынан дарыланып чыккан. Ал вирусту Сауд Аравиядан жуктуруп келген.

Ушуну менен коронавирустан сакайып кеткендердин саны Кыргызстанда алтыга жетти.

Кыргызстанда 130 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен бешөө айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду.

Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур. Мындан сырткары, төрт адам оор абалда жатат, бирөө жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020