6 апреля 2020, 10:26

Коронавирус: Эми акчалар үтүктөлүп турат

Коронавирус: Эми акчалар үтүктөлүп турат

Коронавирустун жайылуусуна бөгөт коюу максатында Грузиянын Поти шаарындагы агрардык базарына келгендерге жаңы эреже киргизилди.

Эми, бардык жарандардын акчасы үтүктөлүп, дезинфекцияланат. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коронавирустун бирден-бир жугуу жолу акча болгондуктан андагы бактерияны өлтүрүш үчун антисептик каражаты куюлган үтүк менен үтүктөлүп турмакчы, ал бууланганда акчадагы бактерияларды өлтүрөт. Ал эми тыйын акчалар антисептик каражаты менен тазаланат. Мындан тышкары базардын бардык кардарларынын дене табы текшерилип, кол кап берилет. Учурда Грузияда 174 адам ооруп, 36 жаран илдеттен арылды. Каза болгондор -2

Кыргызстанда COVID-19 менен каталгандардын жалпы саны 6-апрелге карата 216 учур. Жаңы катталгандын бардыгы обсервацияда болгон адамдардан аныкталды.

Алар: 
Жалал-Абад облусу - 80
Ош облусу - 94
Бишкек - 25
Баткен облусу - 4
Нарын облусу - 5
Ысык- Көл облусу - 3
Чүй облусу - 5

Каза болгондордун саны 4
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020