6 апреля 2020, 12:02

Видео: Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат чындыкка дал келбейт



5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб Кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алынуу чечкен. Анткени, бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечими кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подьездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн. 
Белгилей кетсек, муниципалитет жарандардын кыймылына чектөө киргизүүнү ниет кылган эмес. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020