6 апреля 2020, 13:16

Ошто чет өлкөдөн коронавирус жуктуруп келген аялдын күйөөсү каза болду

Ошто чет өлкөдөн коронавирус жуктуруп келген аялдын күйөөсү каза болду

Бүгүнкү күндө өлкөдө коронавируска чалдыгып каза болгон адамдардын саны төрткө жетти. Алардын бири вирусту жубайынан жуктуруп алган

Ош шаарында коронавируска кабылган аялдын оорусу жолдошуна жугуп, анын кесепетинен каза болду. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирустан каза болгон адамдардын саны төрткө жетти.
“Карантиндик аймакта турган жарандарды кармоону негизсиз деп видео кайрылуу жасап жаткан жарандарга алар айлана-чөйрөсүнө кандай коркунуч алып келерин далилдеген бир мисалды айталы. Коронавирустан каза тапкандардын бири Ош шаарынын тургуну. Анын чет өлкөдөн келген жубайы COVID-19 жуктурганы аныкталган. Бирок ал өзүн жакшы сезип, оорунун олуттуу белгилери байкалган эмес. Ал эми аны менен байланышта болгон жолдошуна вирус жугуп, илдеттен айыга албай каза тапты”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 216га жетти. Анын ичинен 42 киши айыгып чыкты.Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020