9 апрель 2020, 15:29

Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар

АКШда сегиз кыргызстандык жаран коронавирус жуктурууга шектелип, дарыгерлердин көзөмөлүндө экени айтылды.

Чет өлкөлөрдө коронавирус жуктурган 23 кыргызстандык бар. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев брифинг учурунда билдирди.

"БАЭде үчөө болчу, бир киши айыгып чыкты, Пакистанда жети, Индияда бир, Испанияда бир студент, Малайзияда дин мекемесинде окуган төрт студенттин бирөө сакайып, үчөө жакында ооруканадан чыгат. Ал эми АКШда 8 кыргызстандык коронавирус жуктурган деп шектелүүдө", — деди Ниязалиев.

Мындан тышкары, ал ушу тапта дүйнөнүн 42 мамлекетинде кыргызстандыктар бар экенин белгиледи.

Министрдин орун басарынын айтымында, дүйшөмбү күнү Екатеринбургдан чартердик каттам менен 17 кыргызстандык келгенин кошумчалады.

Экспресс-тесттин натыйжасында аларда коронавирус бар экенин көрсөткөн, азыр акыркы анализдин жыйынтыгы күтүлүүдө.

Андан сырткары, 6-апрель күнү Казакстандан жүк ташып иштеп коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандык алып келинди. Алар дарылануусун Кыргызстандан улантмакчы.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter