23 май 2020, 14:53

Нурбек Алимбеков: Баардыгыңыздарды орозо айынын бүтүшү жана ыйык орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм



Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын кадырлуу мусулмандары!
Баардыгыңыздарды орозо айынын бүтүшү жана ыйык орозо айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Орозо айы тазалануунун, кечиримдүүлүктүн, айкөлдүктүн жана боорукерликтин символу болуп, биздин жүрөгүбүздө сакталып калды. Андыктан, жалпы момун мусулмандардын кармаган орозосу кабыл болуп, тилеген ой максаттары орундалсын. Орозо айт – кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген жана кайрымдуулугун арттырган майрам. Ошондуктан, ар дайым элибизде ынтымак, жерибизде тынчтык, өлкөбүздө гүлдөп өнүгүү болсун! Мамлекетибизди жараткан өзү колдоп, мээримин төксүн!
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter