Момбеков: Абылгазиев "кет" дегенде көгөрүп кетпей, "кетпе" дегенде кетип калганы туурабы?

16 июнь 2020, 11:58

"Мухаммедкалый Абылгазиевдин учурда кызматтан кеткени туурабы",-деген суроо менен ЖК депутаты Рыскелди Момбеков каолициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркуловго кайрылды.

"Сиз Абылгазиевдин арызын колдойм, бирок оор учурда кетип калганын туура эмес деп ойлом дедиңиз. Анын бул кадамы саясий жоопкерчиликке жатабы?",-деди Момбеков.

Иса Өмүркулов "Абылгазиевдин отставкага кеткенин колдойм деп айткан жокмун, туура болду го деп айттым. Артынан сөз ээрчип калды. Ал кылган кызматы үчүн өзү жооп бериши керек",-деди Өмүркулов.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020