Жогорку Кеңештин жыйында депутат Камчыбек Жолдошбаеви менен Рыскелди Момбековдун ортосунда пикир келишпестик пайда болду.

Жолдошбаев жыйынды эртерээк бүтүрүүнү сунуштап, бир топ депутаттар суранып жатканын айткан.

Момбеков Жолдошбаевге кайрылып, жок дегенде бир жолу калыс сөз сүйлөөгө чакырды.

"Сизден кайсы депутат суранды? Мага аты-жөнүн айтыңызчы! Кышында да Жогорку Кеңешти уят кылгансыз. Абылгазиевди мактагандар сүйлөп бүтсөңөр, сындай тургандарга да сөз бергиле. Кошомат кылып жүрүп кетирдиңер. Токтотуңуз!",-деди Момбеков.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020