Борбор Азиядагы Америка университети – бул гуманитардык илим тармагында америкалык система менен окутуучуу эң алгачкы университет болуп саналат. БААУ бир топ жылдан бери Кыргызстандагы мыкты окуу жайлардын катарын толуктап, Quacquarelli Symonds рейтингине таянсак, Борбор Азиядагы алдыңкы 10 университеттин тизмесине кирет.


Окутуу программасы АКШнын Бард колледжи менен аккредитацияланган. БААУнун бүтүрүүчүлөрү эки дипломго ээ болушат. Бири – кыргыз мамлекеттик үлгүсүндөгү диплом, экинчиси АКШда аккредитацияланган диплом.

Университет Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын арасынан технакалык базасы бийик деңгээлдеги билим берүү жайына кирет: 550 компьютер, 24 мультимедиялык аудитория, студенттер жана окутуучулар окуу жайдын бардык бөлүгүндө интернет менен камсыз болушкан. Университеттин имаратынын өзү дагы уникалдуу, анын архитектурасы заманбап жана креативдүүлүктөн сырткары, окуу үчүн функционалдуу жана ыңгайлуу болуп саналат. 

Окутуу негизинен англис тилинде жүрөт жана американын кредиттик-саат системасы колдонулат. Окутуучулар 200го жакын жогорку билимдүү чет тилдүү мугалимдерден турат. Алар магистр даражасы бар мугалимдер жана дүйнө жүзүндөгү илимдин докторлору.

БААУ дүйнө жүзүндөгү 60 окуу жай менен иш алып барат. Мындан сырткары университет студенттерди алмаштыруу боюнча 50дөн ашык программаны Нью-Йорктон Берлинге чейин, Сеулдан Санк-Петербургка чейинки дагы башка дүйнөдөгү 24 өлкө менен жүргүзөт. Студенттер стипендиялык программанын алкагында өнөктөш чет өлкөнүн окуу жайларында билим ала алышат.

БААУнун студенттери стипендиялык программанын алкагында өнөктөш өлкөлөрдөгү билим алуу жайларында окуй алышат. Бул дүйнөнү таанып-билүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк.

Аталган окуу жайда жалаң гана колунда бар үй-бүлөлөрдүн адамдары окуй алат деген стереотип тарап келет. Чындыгында окуу жайдын студенттеринин 84%ы толук же толук эмес финансылык жардам алышат. Ал студенттин материалдык абалына жана академиялык же чыгармачыл талантына жараша болот. Университет таланттуу студенттерди колдоого аракет жасайт.
Көпчүлүк абитуриенттер чет өлкөдөгү окуу жайларда окууну каалашат. Албетте, алар эл аралык эмгек рыногунда талап кылына турган билим алууну көздөшөт. Бул үчүн башка өлкөгө баруунун кажети жок, БААУне студенти болгон гана жетиштүү.

БААУга кош келиңиздер! Биз ар бириңиздерди көрүүгө кубанычта болобуз!
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter