29 июнь 2020, 11:35

Студенттер Жээнбеков менен Жекшенкуловго Кыргызстанга алып келгени үчүн рахмат айтышты




КРнын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Россиядан Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча тапшырмасына ылайык, ошондой эле, студенттердин жана алардын ата-энелеринин көптөгөн кайрылууларынын негизинде, 2020-жылдын 28-июнунда Москва шаарынан Бишкек шаарына “студенттик” чартердик каттам менен 394 Кыргыз Республикасынын жарандары учуп кетти.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесине РФнын жогорку окуу жайларында бакалавриат программасы боюнча окуп жаткан студенттер кирди.
Кыргызстанга кайткандардын арасына Россиянын алыскы аймактарында, анын ичинде Калмык мамлекеттик университетинде, Воронеж мамлекеттик агрардык университетинде, Пенза мамлекеттик агрардык университетинде, Псков мамлекеттик университетинде, НИТУ МИСиС, Башкир мамлекеттик университетинде, Россиянын бажы академиясынын Ростов-на-Дону, Люберцы шаарларындагы филиалдарында, Мамлекеттик агрардык университетинде, Москва физика жана технология институтунда, Мордовия мамлекеттик университетинде, РУДН, НИЯУ МИФИ, Казань мамлекеттик университетинде, Александров өнөр жай юридикалык колледжинде, Самара мамлекеттик агрардык университетинде билим алып жаткан студенттердин чоң тобу кирди.

2020-жылдын 20-мартынан тартып 28-июнуна чейин Россиядан Кыргызстанга 54 авиакаттам жана Казакстандын аймагы аркылуу Оренбург облусунан 20 автобус менен мекендештерибизди Кыргызстанга кайтаруу иш-чарасы жүргүзүлгөнүн маалымат катары билдиребиз. Жалпысынан бүгүнкү күнгө 12 178 жаран, алардын ичинде 700-гө жакын студенттер Кыргызстанга кайтты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter