Видео: "Абайлагыла! Жаман ооруу экен!" деп кайрылуу жасаган милиция кызматкери коронавирустан каза болду

29 июнь 2020, 13:57

Бишкекте Ленин райондук ИИБнин шаардык милиция бөлүмүнүн начальниги коронавирустан каза болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришет. 

Маалыматка караганда, ал Улуттук госпиталда даарыланып жаткан.

"Ал ооруканада атайын аппараттын жардамы менен дем алып жаткан. Бүгүн түнү каза болду. Ал болгону 36 жашта эле",-деп билдиришет кесиптештери.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда коронавирустан сактанууга чакырып жаткан адамдын видеосу тараган.



Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter