30 июня 2020, 09:59

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Алар:
1. Республикалык клиникалык ооруканасында – 2 (55 жашта эркек киши, 76 жаштагы эркек киши);
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы аял киши, 49 жаштагы аял киши);
3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн  – 1 (27 жаштагы аял киши);
4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
5. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши). 

Кыргызстан боюнча жалпы каза болгондордун саны 57 кишини түздү.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020