30 июнь 2020, 10:07

Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгында жабыркагандардын биринин абалы туруктуу экени айтылды

Ырчы Асел Кадырбекова кабылган автокырсыкта "Патруль" менчик күзөт агенттигинин 2 кызматкери жаракат алышкан. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда жол кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатканын, кеңири маалымат берилерин мекемеден кошумчалашты.
Ал эми жаракат алгандар боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, ырчыдан тышкары күзөт агенттигинин бир кызматкери ооруканада жатканын, анын абалы туруктуу экенин айтышты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter