30 июнь 2020, 10:47

Жээнбеков: Көпчүлүк коронавирусту саясат деп ишенбей, жалган маалымат таратып жатышат

Көп адам катышкан иш-чараларды, той-аштарды өткөрүү кайрадан башталды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Өлкө башчы көпчүлүк жарандар илдеттин олуттуу экенине маани бербей жатканын кошумчалады.

"Айрымдар жалган сөздүн курмандыгы болуп жатышат. Мен эскертип кетейин, илдеттин коркунучу чоң. Андан бир гана Кыргызстан жапа чегип жаткан жок, жалпы дүйнөнүн айласы кетип жатат. Азыркы өкмөттүн милдети - журтубузду ушул илдеттин жайылышынан сактап калуу",-деди Жээнбеков.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter