30 июнь 2020, 10:57

Жээнбеков депутаттарга: "Асмандагы айды алып берем" деп элди куру убада менен алдабагыла

Быйылкы шайлоодо жеңип чыккан партия менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштешүүгө даярмын. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Президент шайлоонун таза өтүшү депутаттарга көз каранды экенин белгиледи.

"Баарыңыздарды шайлоону таза өткөрүүгө чакырам. Өлкөбүздүн келечеги үчүн жоопкерчиликти унутпоону өтүнөм. Үгүт иштерин жүргүзүүдө ыплас шайлоо технологияларын пайдаланбай, реалдуу программанын негизинде өткөрүү ар бир партиянын милдети. Мамлекеттин келечегине аяр мамиле кылалы",-деди өлкө башчы.
1 комментарий
  1. Аноним#1736
    Самое подходящее время для самороспуска депутатов ЖК, под предлогом массовой эпидемии Коронавируса. Идеальный вариант разбежаться им сейчас и начать готовиться к новым выборам.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter