30 июнь 2020, 11:38

Жээнбеков: Кудайдын буйругу менен учурдагы кыйын абалдан татыктуу чыгабыз

Кудайдын буйругу, сиздердин колдооңуздар менен учурдагы кыйын абалдан да татыктуу чыгабыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги сүйлөгөн сөзүндө айтты.

"Алдыга койгон асыл максаттарыбызды ишке ашырууну улантабыз. Кайсы жол менен өнүгөбүз, кайда барабыз, максатыбыз кандай экени белгилүү. Коомубуздагы бардык күчтөрдүн катышуусу менен өлкөбүздүн өнүгүү стратегиясын кабыл алганбыз. Анын ичинде, 2024-жылга чейинки, биринчи кезектеги зарыл кадамдарды аныктаганбыз.  Алардын бир кыйласын турмушка ашырууга жетиштик. Айрымдары тууралуу жогоруда учкай маалымат бердим. Калган багыттарыбыз боюнча буга чейин аткарып келген ишибизди ырааттуу улантабыз.
Өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн зарыл болгон укуктук, экономикалык, социалдык пайдубал, негизинен түптөлүп калды",-деди Жээнбеков.

Өлкө башчы реформалар өз жыйынтыгын берерин кошумчалады.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter