30 июнь 2020, 13:32

Коронавирус жуктуруп алган эмгек сиңирген дарыгер каза болду

30-июнга карата өлкөдө коронавирустан каза болгондордун бири Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген дарыгери, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медицина кызматкери Тазабекова Жамал Исмаиловна болгон. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү билдирди.

"30-июнь күнү 70 жаш курагында ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунун ординатор-дарыгери Тазабекова Жамал Исмаиловнана дүйнөдөн кайтты. Ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп COVID-19 илдетин жугузуп алган. 22-июнь күнү Ош шаардык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
Тазабекова Жамал Исмаиловнана 1949-жылы 16-декабрда Ыссык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган, улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 2 баланы энеси, жогорку медициналык билимдин ээси.
1982 жылдан тартып ИИМдин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусунун медицина кызматынын бейтапкана жана дарылоо борборунунда эмгектенип келген", - деди маалымат катчы. 

Азыркы учурда маркумдун сөөгүн санитардык эрежелерин сактоо менен жерге берүү иши уюштурулганын кошумчалашты мекемеден.
Ош ОИИБдин өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter