30 июнь 2020, 14:48

Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгындагы шектүүгө карата райондук соттун чечими чыкты

Ырчы Асел Кадырбекова кабылган жол кырсыгы боюнча 297-берене (автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат. Маалыматты бүгүн, 30-июнда Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы билдиргенин super.kg жазып чыкты.

Мекемеден окуя тууралуу кеңири маалымат беришти.

Автокырсык 26-июнда саат 15:45 чамаларында катталган. Анда 25 жаштагы О.М. аттуу жаран Хонда Одиссей унаасын Тыныстанов көчөсү менен айдап барып жатып, Медеров көчөсүнүн кесилишинен Тойота Камри үлгүсүндөгү унааны сузүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1991-жылы туулган А.К. (ред.: Асел Кадырбекова) Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу 1995-жылы туулган О.М. дагы Травматология жана ортпедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми ушул эле унаанын жүргүнчүсү, 1994-жылы туулган К.О. Улуттук госпиталга жеткирилген.

Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 297-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Учурда жол кырсыгын жараткан деп шектелген 25 жаштагы О.М. Кылмыш-жазык кодексинин 98-беренеси боюнча кармалып, ооруканада аны милиция кызматкерлери кайтарып жатышат. Свердлов райондук соту тарабынан шектүүнү 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкты. Бүгүнкү күндө сотко чейинки ачылган кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деди мекеменин маалымат катчысы.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter