1 июль 2020, 14:45

Видео: Белгилүү аалым Абдугаппар ажы Сманов каза болду. Суук кабарды уккан шакирттери ыйлады

Орто Азияга таанымал аалым, Казакстандын Сарыагаш медресесинин башчысы Абдугаппар ажы Сманов каза болду. 
Ал 1-июнда таңкы саат 07:45 чамасында каза болгону маалымдалат. Буга чейин бутун күйгүзүп алып, “Салма Караван” ооруканасына оор абалда түшкөн. Рентгенге түшкөн убакта пневмония аныкталган.

Аалымдын каза болгону тууралуу маалыматты бүтүндөй кыргыз-казак эли оор кабыл алды.



Аны менен жакын мамиледе болуп келген Чубак ажы Жалилов суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын айтып, төмөнкүлөрдү жазып чыкты:
“Аалымдардын баатыры, баатырлардын аалымы деп айтсак ушул адамга туура келет. 
Ал киши менен далай үзөңгүлөш болдук. Кудай Жолунда даават-сапарларыбызда бирге болдук. Ал кишинин кыргыз калкына болгон жакшылыгын, урмат-сыйын өзгөчө баамдадык. 
Ал кишинин бир туугандары менен Мекке шаарындагы сапарларыбызда дагы көп ирет чогуу болгонбуз.
Ал кишинин Кудай үчүн кылган кызматын көрүп, Кудай үчүн кызмат ушундай болоор экен го деген ойду биздин жүрөгүбүзгө эмгеги менен салган улуу агабыз эле. 
Кудай Таалам жаткан жериңизди Бейиштен кылсын! Акыретиңиз аабат болсун! Медресеңиз, шакирттериңиздин иши уланып турсун!”,-деп жазган Жалилов.



Саясатчы Турсунбай Бакыир уулу дагы бул бүткүл Орто Азия үчүн оор жоготуу экенин баса белгиледи.

"Аалымдын даваатын тынбай коруп-угуп келчумун, ачуу чындыкты жарып турганда «Аллахым, ушул пендендин аманчылыгын бер, душмандардын аракеттеринен Озун сактагын, боордош казак элин ойготуп, ыйманга чакырып жаткан жолунда Абдыгаппар ажыга бекем ден-соолук жана куч-кубат бергин!» деп дуа кылчумун. 
Чынында, бул жоготуу оор бир гана казак баурдастар учун эмес, а кыргыздар учун да, жалпы Борбордук Азия учун да",-деп жазды ал.




Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter