1 июль 2020, 15:12

Турсунбай Бакир уулу: Кудайдан күнү-түнү «Аселди кайтарып бер» деп сурана берели

Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу FB баракчасына ырчы Асель Кадырбекованын абалына байланыштуу пикирн жарыялады. Ал өзү дагы буга чейин ушундай окуяга кабылганын жазган.



"Кымбаттуу Нурлан Насип иним жана Аселдин жакындары, баары Аллах-Тааланын колунда, а дарыгерлер себепкер гана. Ошондуктан дуа, дуа, дуа кылып Аллах-Тааладан Аселдин комадан чыгышын жана тез шыпаа беришин тынбай сурана берели! А дарыгерлерди Аллахым ошол жакшы ишке себепкер кылып берсин деп да сураналы.
Эмне учун ушул создор менен силерге кайрылып жатамын? Башымдан откондугу учун силерге да ошол оюмду айтууну туура кордум.
Уч жыл мурда уулум аябай катуу автокырсыкка учурап, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунуна алып келинген. Бир бригада айрылган, узулгон, сынган жерин тиккени, кошкону улгурбой, хирургдардын экинчи бригадасын чакырышкан. Беш саатка жакын операциялар жасалды. 
Акыры: «Ажы аке, биз дарыгерлер, колубуздан келгенди жасадык, эми калганы Аллахтан!» деп айтышкандан кийин реанимация болумунун эшигинин астында 13 сутка кун-тун дебей ыйлап олтурдум. Кудайга шугур, 13 кун дегенде комадан чыкты жана озу дем алышты баштады. Аллахыма чексиз мактоолор, шугурчулуктор болсун! Менин, уй-булоомдун, туугандарымдын, кайын журтумдун, досторумдун, тааныштарымдын, социалдык желелерде мен билген жана билбеген адамдардын дуаларын Аллахым кабыл алды.
Ошондуктан силерди да ишендирип кетейин: Аллах-Тааладан куну-туну «Аселди кайтарып бер» деп сурана берели! Биз уй-булообуз менен кырсыкты уккан кундон баштап Аллахымдан Аселге шыпаа тилеп тынбай суранып келип жатабыз. Аллахым созсуз угат, созсуз жардам берет! Нурлан иним, сен учун, кызынар учун Асел жашап кетет. Биз силер мененбиз!",-деп жажган ал.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter