3 июля 2020, 10:08

Бир сутка ичинде 73 дарыгер коронавирус жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 73 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлдагы брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек ш. – 32 
Чүй облусунда – 20
Ош ш. – 7
Ош облусунда – 7
Жалал-Абад облусунда – 3
Баткен облусунда – 3
Ысык-Көл облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 20 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 994 учур катталды, алардын ичинен 484 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020