3 июля 2020, 11:52

Ганси обсервациясындагы бейтап: Мен өлгүм келбейт, жардам бергиле

Учурда Ганси обсервациясында жаткан Бишкек шаарынын тургуну Ажар Султанова өзүнүн жана аны менен чогуу жаткан бейтаптардын абалыт тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

“Түнү мен дем ала албай калдым. 3 күн ичинде "Тез жардам" да, үй-бүлөлүк медицина борборунан врач да келген жок. Агам мени тезинен Гансидеги обсервацияга алып келди, ал жерде 1 эле орун бар экен. Менден кийин келген адамдарды орун жок деп кабыл алышкан жок. Кайсы бир дарыны чоң дозада күрөө кан тамырым жана киндигим аркылуу сайышты, андан ары тахикардиям башталды. Дарыгер чочуп кетип, тамчылатма дарыны чыгара салды. Кийин башка дары беришти. Бул жерде эч кандай шарт жок, жууркан дагы, жаздык дагы жок, өтө суук. Менин жанымда азыр эле бир киши каза болду. Мен өлгүм келбейт”, деп жазган ал.

Ажар Султанова дарыгерлер бейтаптарды сактап калууга болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалады.

"Дарыгерлерге боорум ачып жатат",-деп жазган бейтап.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020