3 июль 2020, 13:58

Газиева: Вокалдан акысыз онлайн курсун ачтым, мындай кырдаалда баарыбыз колдон келген жардамыбызды көрсөтөлү

Ырчы, өзүнүн вокалдык мектебин негиздеп, жаш таланттарды тарбиялап жаткан Айжан Газиева өлкө кыйын учурга кептелген учурда жардам катары, каржы жактан кыйналып, балдарын кошумча курстарга жибере албаган ата-энелер үчүн акысыз онлайн курс ачты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Ырчы ар бир атуул колдон келген жардамын аябашы керек деген пикирде.

"Мындай учурда көпчүлүк балдар үйдө отуруп, моралдык жактан жабыркайт. Өзүм вокалдан сабак бергендиктен, акысыз онлайн курс ачууну чечтим",-дейт ырчы.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020