3 июль 2020, 17:12

Түз эфир учурунда ыйлап жиберген Акматова президенттин Ардак грамотасы менен сыйланды




Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова бүгүн, 3-июлда өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып, дарыгерлердин бейтаптарды сактап калууга кылып жаткан иштери тууралуу айтып берип жатып, көзүнө жаш алган.

Акматова президент кол койгон жарлыкка ылайык коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкондугу үчүн Ардак грамота менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.

Бүгүн өлкө башчы бир катар медицина кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жарлыгына кол койгон.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020