Асанов: 140 аппарат дүйшөмбү күнү келет, жалпы 1000 аппаратты айдын аягына чейин алдырабыз (видео)

4 июль 2020, 15:31

"Нурзаман" курулуш компаниясынын жетекчиси Адылбек Асанов Кыргызстанга 140 ИВЛ аппараты дүйшөмбү күнү келерин айтты. Ишкер жалпысынан 1000 даана аппарат айдын аягына чеин алынарын кошумчалады.

Анын бул демилгесине бизнесмендер, кайдыгер карабаган инсандар кошулуп, каражат которушкан.

"Эгерде ИВЛ аппараттарына муктаждык азайса, калган каражатка тез жардам унааларын алабыз",-дейт Асанов.
1 комментарий
  1. Аноним#2485
    Алла раазы болсун🙏

KABARLAR.ORG 2020