6 июль 2020, 09:21

Ташиевдин баласы спорт комплексин оорукана катары колдонууга берди

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Сузак районунун Барпы айылында жайгашкан "Тай-Мурас" спорт комплексин өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу стационардык борбор катары берүүгө даяр. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов билдирди.

Ал тийиштүү бийлик өкүлдөрүн бул суроо боюнча кайрылууга чакырды.

Эске салсак, Тай-Мурас Ташиев учурда 26 жашта, жеке ишкерлик менен алектенет.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020