6 июля 2020, 12:12

Каратаев: Коронавирусту арак менен дарылоого болот деген маалыматтар мага да келип жатат

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавируска каршы социалдык тармакта тарап жаткан ыкмаларды колдонуудан алыс болууга чакырды.

"Өз алдынча дарылануудан алыс болгула. Мага дагы коронавирустан арак менен айыкса болот деген каттар келип жатат. Анндай болбойт. Организмдин абалын, иммунитетти, кошумча ооруларды эске алуу керек. Далилденген медицинага таяналы",-деди Каратаев.

Министр республикада илимий-техникалык кеңеш иштеп жатканын, бүгүн коронавирусту дарылоонун үч жолунун эффективдүүлүгү караларын айтты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.
  • Смайлы и люди
    Животные и природа
    Еда и напитки
    Активность
    Путешествия и места
    Предметы
    Символы
    Флаги

KABARLAR.ORG 2020