6 июль 2020, 15:20

Жээнбеков: Элибизде алам дегенден берем дегендер көп экенине кубанам

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында ыктыярчылардын координациясын күчөтүү керектигин белгилеп, дарыгерлерди тамак-аш менен камсыз кылуу маселесине да токтолду.

«Дарыгерлер 24 саат бою иштеп жатып, тамак-аш менен да өздөрүн өзү камсыз кылып жатканына жол берилбеши керек. Мындай чаржайытка жол бергендер жоопкерчиликке тартылышы керек. Азыр калктын саламаттыгы үчүн күрөш жүрүп жатканда кимдир бирөөнү аяй турган мезгил эмес. Медиктерге тамак-аш, медициналык жабдуулар, тез жардам машинасын сатып берем деген мекендештерибиз кайрылууда. Республикалык штаб ошол ыктыярчыларыбыздын башын бириктирип, сунушталып жаткан жардамды бюрократия кылбай кабыл алып, кайра элге ыкчам жеткирүү керек. Биздин элде алам дегенден берем дегендер көп экени кубандырат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөнүп берилүүсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020