7 июль 2020, 10:31

Дарыгерлерге жардам берүү үчүн ыктыярчылар изделет




Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Улуттук Кызыл жарым ай коому, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо Министрлиги менен биргеликте, жергиликтүү калкка жардам көрсөтүү боюнча жаштар арасынан ыктыярчыларды издейт.

Ыктыярчылар (волонтерлор) Бишкек шаарындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун базасында жардам көрсөтүшөт.

Ыктыярчылар медициналык кызматкерлерге төмөнкү иштерде жардам берет:

- имараттын ичинде социалдык дистанцияны сактоо жана беткаптарды кийип жүрүү эрежелерин сактоону контролдоодо,
- социалдык тармактардын ишинде,
- статистикалык маалыматтарды электрондук форматка киргизүүдө,
- тизмелер менен иштөөдө, максаттуу аудиторияны тандап алууда,
- телефон аркылуу, онлайн кеңеш берүү боюнча иштерге көмөк көрсөтүшөт.

Тандалган волонтерлорго кыска курстарда окутуу жүргүзүлөт. Жеке коргонуу каражаттары (ЖКК) саламаттык сактоо уюмдарында жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда берилет.

Эгер Сиз ыктыярчы болууга жана жардам берүүгө даяр болсоңуз, бул шилтеме боюнча  анкетаны толтурууңуз.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020