7 июль 2020, 10:43

Өткөн суткада 7 бейтап коронавирустан каза болду. Анын экөө дарыгер

Бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирустан 7 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлдагы брифинг учурунда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Алар:

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 85 жашта);
Ош облустар аралык ооруканасынан – 2 (эркек, 79 жашта, эркек медкызматкер, 62 жашта);
Ысык-Көл облустук ооруканасынан – 1 (эркек, врач педиатр, 61 жашта);
Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 58 жашта);
Талас облустук ооруканасынан – 1 (эркек, 61 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 57 жашта);

Кыргызстан боюнча жалпы каза болгондордун саны 99 кишини түздү. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020