7 июль 2020, 12:03

Cабырбек Жумабеков: Асел Кадырбекова апасын жана башка адамдарды тааный баштады

Бүгүн, 7-июлга карата автокырсыкка кабылган ырчы Асел Кадырбекованын абалы тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков super.kg порталына айтып берген.

"Ырчынын абалы оор, бирок туруктуу. Бир аздан сүйлөп баштады. Ал көбүнчө уктап жатат. Жылыш бар. Биз аны жандандыруу бөлүмүнөн өзүнчө палатага котордук. Жанында апасы бар. Ал эми Асел Кадырбекова апасын жана башка адамдарды тааный баштады", - деди Жумабеков.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылып, травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020