8 июль 2020, 12:11

"Маркумду жерге тез берүү керек болгон учурда кабырды экскаватор менен казса болобу?". Чубак ажынын жообу

"Маркумду жерге тез берүү керек болгондо, кол менен казуу кыйынчылык болгон учурда кабырды экскаватор менен казса болобу?". Бул суроого жооп экс-муфтий Чубак Жалиловдун жообу социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган. 


"Албетте, болот. Казуу кандай гана жолдо болбосун кабыр казылган болсо эле эсеп. Ошондуктан, убакыт тартыш болгон күндөрү деле, убакыт тартыш эмес күндөрү деле экскаватор же болбосо башка ошого окшогон атайын техникаларды колдонгонго шарият уруксат берет.

Кыргыздын салтында кабырды казганда өтө чоң казып көнүп алышкан. Ушундай учурларда ошону кичирейтүү керек. Маркум бата турган деңгээлде гана чакан кылып, сырттан казанактан туруп сөөктү ичине киргизип туруп, сырттан кирпич менен тизип жаап кое турган болсо ошол дагы жетиштүү",- деп айтылат жоопто.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020