8 июль 2020, 13:50

Боронов: Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек

Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов тиешелүү системаны мүмкүн болушунча тезинен киргизүүнү тапшырды.

«Учурда тез жардам кызматынан тышкары, бейтаптарды медицина мекемелерине жеке унаалар менен алып келишүүдө. Кээде ооруканаларда бош орундар жок болуп калган учурлар кездешүүдө. Ушундан улам жарандардын нааразычылыгы келип чыгууда. Мындай шартта кандайдыр бир эсептөө жүргүзүү кыйын экендигин түшүнүп турам, бирок зарыл болуп жатат. Бош орундар тууралуу маалыматтарды саат сайын жаңылап туруу керек. Бул дарыгерлерге дагы, ооруга чалдыккандарга дагы жеңилдик алып келет. Алар орун издеп бир нече оорукананы кыдырышпайт», - деп баса белгиледи Премьер-министр.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020