8 июль 2020, 15:08

Суракматов коронавируска байланыштуу шаар тургундарына кайрылуу жасады

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавирус илдетинин өлкөдө жайылып жатканына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

"Бүгүнкү күндө баарыбыз, өзүбүздүн жана жакын адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү үчүн күрөшүп жатабыз. Бул албетте кыйынчылык менен коштолуп, келечек үчүн тынчсызданууну жаратууда. Пандемия азайганга чейин же коронавируска каршы вакцина чыгарылганча өзүбүздү изоляциялоонун катуу режимине баш ийип, себепсиз көчөгө чыкпай, бардык жолугушууларды токтотуп туруубуз зарыл.

Азыркы учурда улгайган жана эски оорулары бар адамдарды изоляциялоо өтө маанилүү, аларга өзгөчө кам көрүү жана өзүн изоляциялоо режимин камсыздоо керек. Балдарды үйдөн чыгарбаңыздар. Алар короодо сейилдеп, ойногусу келет, бирок баланы көчөгө коё берип, анын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келесиздер.

Дүйнө жүзүндө болуп жаткан коронавируска каршы күрөшүүнүн акыркы айларында биз чектөөлөрдү киргизүүнүн бир нече этаптарынан өттүк. Ар бирибизге күнүмдүк адаттарыбыздан баш тартууга туура келди, көптөгөн адамдар өз ишин жана бизнесин токтотту. 
Бизге Бишкек шаарында экономиканы сактап, жумушсуздукту азайтуу, бизнесмендерди жана ишкерлерди финансылык чоң көйгөйлөрдөн коргоо маанилүү болгон. Акыркы убакытка чейин буларды жасап жаттык. Ооруну жуктуруп алгандардын саны тез темп менен өсүп жатат. 
Акыркы эки жумада кырдаал начарлай баштады. Бишкекте коронавирус менен ооругандардын саны 3617 адамды түздү, же республика боюнча бардык ооругандардын 42 % түзөт. Конуштарда да кырдаал начарлады, Ковид 19 менен ооругандардын саны 680 адамды түздү. 
Пневмония оорусу менен ооругандардын саны тез өсүп жатат, бул акыркы жылдардан бир нече жогору. Ооругандардын көпчүлүгү коронавирус лабораториялык диагнозу коюлганга чейин келип жатат. 

Бирок, өлкөнүн дарыгерлеринин жана башкы пульмонологунун маалыматтары боюнча бул коронавирус экендиги айтылып жатат.  Мындай ооруп калуунун өсүү динамикасы шаар тургундарына коркунуч алып келүүдө. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шарипович тарабынан мэрияга кыска мөөнөттө Күндүзгү стационар борборлорун ачуу тапшырылган. Бул стационарлардын максаты шаар тургундарын оору башталганда эле дарылоо жана пневмониянын оор формасына, ОРВИнин күчөп кетишине жеткирбөө болуп саналат.   

Урматтуу шаардыктар, эгерде сиздерде ОРВИнин же пневмониянын белгилери бар болсо, биздин күндүзгү стационарларга 8.00дөн 20.00гө чейин кайрылсаңыздар болот. Ал жерде дарылоочу дарыгерлер жана дары-дармек сатып алуу үчүн дарыканалар бар, биздин медайымдар сиздерге дары тамчылатма (капельница) коюп же укол сайып беришет.  

Бүгүнкү күнү шаарда 9 күндүзгү стационар төмөнкү даректер   боюнча иш жүргүзүп жатат:

Ленин  районунда:
- «Газпром» спорткомплекси, Токонбаев -Чортекова –  120 орун; 
-  № 68 гимназия мектебинде – 30 орун (Токтогул көчөсү- Уматалиева кесилишинде) 
- «Арал» кафесинде – 50 керебет-орун (Дэн Сяопин көчөсү, 199)
Свердлов районунда:
- Ратбек Санатбаев атындагы ФОК,  Восток - 5 кичирайонунда – 150 орун;
- № 94 орто мектепте – 50 орун («Дордой» конушунда)
Октябрь районунда:
- «Бишкекпекарня»  муниципалдык ишканасында, 12 кичирайондо, церковтун жанында – 200 орун;
- «Сейтек» мектебинде – 50 орун (Анкара көчөсү, 1/10 Алатоо университети)
 
Биринчи май районунда:
- № 83 орто мектепте, Кудайберген базарынын жанында – 50 орун (Патрис Лумумба көчөсү, 9)
- К.Кожомкул атындагы спорт сарайда – 150 орун.
 
2020-жылдын 4 июлдан 8 июлдун башына күндүзгү стационарларга 5500 адам медициналык жардамга кайрылды, 730 адамга кеңеш берилип, 4800 адам капельница түрүндөгү инъекция алды, 33 адам ооруканаларга жаткырылды, 4 адам каза болду.
 
Урматтуу шаардыктар!

Азыркы учурга чейин Ковид-19 бардык өлкөлөр үчүн табышмак бойдон калууда. Америка, Кытай, Россия жана Германия сыяктуу ири державалар илимий изилдөө жүргүзүп, коронавирусту дарылоо үчүн дарысын табылбай атат. Тилекке каршы, Америкада, Европада жана башка өнүккөн өлкөлөрдө адамдар оорудан каза таап жатышат, алардын саны 540 миңге жетти. Биздин байкообуз боюнча өзүн изоляциялоо режимин так сактаган өлкөлөрдө ооругандардын саны азайды.
Жакынкы күндөрү жана жумаларда бизди оор сыноолор күтүп турат. Биз чыдамдуу, кайраттуу жана эрктүү болушубуз керек. Бекитилген эрежелерди жана чектөөлөрдү сактоо абзел. Ушинтип гана бул ооруну жеңип, жакын адамдарыбыздын  өмүрүн сактай алабыз",-деп айтылат кайрылууда.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020