8 июль 2020, 15:32

Абал жаман! Курал Чокоев пневмониядан каза болгон досун жерге берүү учурунда тартылган видео менен бөлүштү

Ырчы Курал Чокоев Инстаграмдагы баракчасына пневмониядан каза болгон досунун жерге берүү учурунда тартылган видео менен бөлүшкөн.

Ал өлкөдө абал чындыгында жаман экенин айтат.

"Бул видео менен өлкөдө болуп жаткан чыныгы окуяларды, көрүнүштөрдү айткым келди. Анткени баары эле жакшы дегени менен абал башкача болуп жатпайбы. Видео өткөн аптанын ишемби күнү Бишкекте тартылган. Досторумдун бири пневмониядан каза болуп, жерге бердик. Эртеси күнү эле каза болгон досумдун агасы да ошол оорудан кайтыш болду.
Досум өз убагында медициналык жайга кайрыла албай калган экен", - дейт ал.




Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020