8 июль 2020, 15:54

Алмамбет Шыкмаматов жубайын жоктоп: Кош жаным, жарым асылым, жоготту жүрөк жакынын

2020-жылдын 6-июль күнү экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы пневмониядан улам көз жумган. Саясатчы жубайына арнаган ырын өздүк баракчасына жүктөп, бактылуу көз ирмемдер калган сүрөттөрүн жүктөдү.

"Кош, жаным, жарым Жанарым"

Канатым сынып кайрылды,
Бөлүшөөр барбы кайгымды?
Ажырап калдым жарымдан,
Өмүрлүк жаным, периштем.

Өксүдү жаным, ый толуп,
Санаага баттым ойлонуп.
Жазылган дешет маңдайга,
Башынан баары болжонуп.

Жаш элең, жаным жаш элең,
Баарына өзүң, баш элең.
Асылым сени, жар кылып,
Төрөп берген ата-энең.

Адамдан элең башкача,
Жарашчу сени мактаса.
Ажалды таптың доктурдан,
Болобу баса айтпаса.

Жашап бир келгем жомоктой,
Сен барда баарын тоготпой.
Өксүттүң жанды асылым,
Олтурам ыйлап шолоктой.

Кош жаным, жарым асылым!
Жоготту жүрөк жакынын.
Бүдөмүк болуп алды жак,
Жетпей бир турат акылым.











Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020