9 июль 2020, 09:39

Максат ажы Токтомушев: Муфтият 29 диний окуу жайды обсервация катары пайдаланууга беребиз (видео)

Муфтият обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга 1415 орун берүүгө даяр. Бул тууралуу Максат ажы Токтомушев билдирди.

"Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан кайгыларды бөлүшүү менен, чын жүрөктөн көңүл айтам.
Кадырлуу мусулман бир туугандар! Ушул күнгө чейин бизде 7 диний окуу жай жергиликтүү бийлик менен макулашып, обсервацияга берилген. Биз, КР премьер-министри Кубатбек Боронов, Муфтият, Казыят жана Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши менен макулдашып, бардыгын өлчөп, таразалап, Алланын жардамы менен элибизге республикадагы 29 диний окуу жайыбыздан 1415 орунду обсервацияга жана күндүзгү стационар катары пайдаланууга берүүгө даярбыз. Бул элибизге дин кызматкерлеринин жардамы",-дейт Токтомушев.


Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020