9 июль 2020, 10:30

Айнура Акматова Абдикаримов жана Үсөнбаевдин абалы тууралуу айтты

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы учурда канааттандырарлык. Бул тууралуу брифинг учурунда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. 

"Алар учурда дарыланып жатышат. Анализдери тастыкталганда маалымат берилет",-деди Акматова.

Эске салсак, буга чейин Сабиржан Абдикаримов пневмонияга кабылып, орун басары Нурболот Үсөнбаевдин коронавирустук инфекциянын белгилери болуп жатканы айтылган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020