9 июль 2020, 10:44

Акматова: "Дексаметазон" даарысын колдонбоңуздар жана дүрбөлөңгө алдырбаңыздар”

Үйдөн өз алдынча антибиотик каражаттарын колдонбоңуздар. Мындай кайрылуусун Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда айтты. 

“Коронавирус илдетине кабылгандарда тамака болгон табит жоголот. Ошого карабастан суюктукту ичүүгө, тамак аш, жер-жемиш, жашылчадан салаттарды көбүрөк жегенге аракет кылыңыздар. Жүрөк оорусу барлар бир күндө 2 литрден кем эмес суу ичүүлөрү керек. Эгерде кимдин дене табы 37,5-38 градуска чейин көтөрүлсө, сөзсүз 118 колл-борборуна чалып кеңеш алып, үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылыңыздар. Дарыгерлердин жазып берген гана рецепттери менен дарыланууга чакырам. Эч качан үйдөн өз алдынча антибиотик каражаттарын, "Дексаметазон" даарысын колдонбоңуздар жана дүрбөлөңгө алдырбаңыздар”, - деп билдирди Акматова. 
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

KABARLAR.ORG 2020